
Адылбек Касымалиев Кытайда өтчү экономикалык форумга катышат
Үстүбүздөгү жылдын 23-25-июнунда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын Тяньцзинь шаарына жумуш сапары менен барат.
Министрлер кабинетинин төрагасы “Жайкы Давос -2025” Дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынына катышат.
Форум “Жаңы доордогу ишкердик” деген ураан астында өткөрүлө, ага дүйнөнүн 90дон ашуун өлкөнүн жана аймактарынан 2 миңге жакын катышуучу келет.
Жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин жетекчилиги жана чет элдик делегациялардын башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.