Айыл чарба министрлиги: Быйыл 1,4 миң комбайн эгин жыйноого даяр
23 июнь

Айыл чарба министрлиги: Быйыл 1,4 миң комбайн эгин жыйноого даяр

Кыргызстан боюнча быйыл 1 912 дан эгин жыйноочу комбайндан 1 422си эгин жыйноого даяр. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги блидирет. 

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө эгин жыйноо иштери негизинен өлкөнүн түштүк аймактарында жүрүп жатат.

Эгин жыйноо жумуштарынын көлөмүнүн көптүгүнө байланыштуу, Ысык-Көл, Нарын, Баткен жана Чүй облустарында техниканы аймактар боюнча бирдей бөлүштүрүү максатында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кызматкерлери, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары (РУАР) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте уюштуруу иштери жүргүзүлдү. Бул облустарга кошумча 150дөй комбайн тартылары күтүлүүдө.

Учурда өлкөнүн түштүк аймактарында эгин жыйноо иштерине жалпысынан 400гө жакын комбайн тартылган, алардын ичинен 100гө чукулу тоо этектери жайгашкан айыл чарба аймактарында иштеп жатат. 2025-жылы бир комбайнга орточо эсеп менен 260,1 гектар аянт туура келүүдө.