
Депутат: Чаткалдагы алтын кен компаниялары коэффициент төлөшү үчүн МинКабдан бир кагаз жана Касымалиевдин колу гана керек, ушул кыйынбы?
Депутат Алишер Эрбаев Ала-Бука жана Чаткал районундагы алтын кен иштетүүчү компаниялар жумушчуларына бийик тоолуу коэффициентти төлөп бере албай жатышканын, ага себеп – Министрлер Кабинетинин токтому экенин билдирди.
Эске салсак, агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында бийик тоолуу зоналардын тизмеси боюнча токтом долбоору каралууда.
«Эл менен жолугушканыбызда бийик тоолуу аймактардын көйгөйү айтылат. Мен бул боюнча эки кат жолдодум, Ала-Бука жана Чаткал райондоруна байланыштуу. Бул райондордун айрым айылдары бийик тоолуу зонага киргизилиптир, аныңарга рахмат. Бирок кирбей калгандар да бар. Кыргызстандын аймактары өзгөчө, бийик тоолуу болуп эсептелбегени менен шарты катаал, борбордон өтө алыстыкта жайгашкан. Мисалы, Чаткал районунда аз дегенде 4 ай кыш болот. Бишкектен 700-800 чакырым алыстыкта. Ал жактагы тургундар Ала-Бука районунун борборуна келип, азык-түлүк, күйүүчү май алып кетишет. Ага карабай тизмеге кирбей калган айылдар бар экен, аларды да карап көрсөңөр», – деди депутат.
Ал ошондой эле, аталган райондордогу алтын иштетүүчү компаниялар боюнча маселе көтөрдү.
«Ала-Бука менен Чаткал өрөөнүндө 167 алтын кен компаниясы бар. «Казахмыз», «Иштамберди», «Эти Бакыр», «Чаарат» ж.б. Булардын баары бюджетти миллиондогон каражатка толтурган компаниялар. Эми аларда иштеген жумушчуларда бир көйгөй – айлык акыларына бийик тоолуу коэффициенти кошулбайт. Компаниялар менен сүйлөштүм, баары кошуп берүүгө даяр. Бирок ал үчү МинКабдан бир кагаз жана №203 токтомуна өзгөртүү киргизүү керек, ушул кыйынбы?» – деди Эрбаев.
Айтымында, аталган райондордогу алтын кен компанияларында Кыргызстандын булуң-бурчунан барган 700гө жакын адистер эмгектенет.
«Тоолуу коэффициентти төлөтүү үчүн мамлекеттен каражат кетпейт, жогоруда айтканымдай МинКабдан бир кагаз менен гана Касымалиевдин колу керектелет. Кыргызстанда 2-4 пайыз тоолуу коэффициент менен айлык акы төлөгөн саналуу гана алтын кен компаниялары бар, анын бири – Кумтөр. “Казахмызга” эки жыл мурда киргизгенбиз, ушул күнгө чейин 0,5 пайыз менен төлөп келишет, болбосо 1,5 пайыз менен төлөшү керек эле», – деп белгиледи депутат.
Ал бул боюнча эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабировго кат жолдогонун билдирип, бул маселени тез арада чечип берүүлөрүн өтүндү.