
Кытайлык компания Ош мэриясы үчүн 520 үй куруп бермей болду
Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев "Кунлунь” курулуш компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Ван Чиан баштаган делегациялык топту кабыл алды.
Мэриядан кабарлашкандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.
Ага ылайык алдыда Кытай компаниясы Ош шаарынын мэриясына Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу жер тилкесине 520 үй куруп берет. Бул үйлөр шаардагы турак үйлөрү башкы планга ылайык жолду кеңейтүүдө, каналдардын жээгин ачууда башка жака көчүрүлө турган жарандарга берилет.
Долбоорду ишке ашырууда Ош шаарынын мэриясы бардык тараптан колдоо көрсөтөрүн шаар мэри Жеңишбек Токторбаев билдирди.
Мындан сырткары, күз айында суук түшкөнгө чейин үйлөрдү тездетип бүтүрүп, элди көчүрүп кирүүгө жетишүү керектигин белгиледи.
Үйлөрдү курууга 1-июлда расмий капсула салынып, старт берилет.