Балыкчыда 5 чакырым темир жол оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында темир жолдун капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлашты.
Жумуштар темир жолдун 3949 кмден 3954 кмге чейин жүргүзүлүүдө. Бул иш-чаранын негизги максаты – жайкы мезгилде Рыбачье бекетиндеги жүргүнчү поезддеринин кыймылынын коопсуздугун камсыздоо болуп саналат.
Негизги иштер:
- Эски рельстерди Р 65 тибиндеги рельстерге алмаштыруу
- Жыгач шпалдарды темир-бетон шпалдарга алмаштыруу
- Жалпы 5 км 400 м аралыкты оңдоо пландалган, анын ичинен 1 км 400 м иш аяктады
- Тартылган күчтөр жана каражаттар:
- Ишкананын жол чарба филиалынын 70тен ашуун кызматкери
- 12 даана атайын техника
Оңдоп-түзөө жумуштары уланууда.
