www
8 апрель
Ноокен районунда кулпунай бышып, сатыкка чыкты
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жергиликтүү дыйкандын кулпунайы бышып, сатыкка чыкты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.
Ноокен районунун Эргеш Алиев айыл аймагынын тургуну 2025-жылдын 23-сентябрында 1,40 гектар жерге 74 миң даана клери сортундагы кулпунай тиккен.
Ал сууну үнөмдөө максатында тамчылатып сугаруу системасын колдонгон. Ишкер кулпунай терүүгө айылдаштарын тартып, жергиликтүү тургундарды дагы жумуш менен камсыз кылууда.
Эске салсак, Ноокен районунун аймагында жазгы талаа иштери кызуу жүрүүдө. Ички арыктар, каналдар тазаланып, сугат мезгилине даярдыктар көрүлүүдө.
