Нурлан Жумаев Аламүдүн районундагы ирригациялык обьекттерди, дыйкандарга сугат суунун берилиши, вегетациянын журүшү жөнүндө жеринен танышып чыкты
Алгач “Аламүдүн” дарыясын көрдү, аталган дарыядан “Карагоо” башкы гидротехникалык курулма аркылуу сугат суу “Карагоо” каналына, “Аламүдүн – Нооруз” каналына суу берилет жана жалпы 2652 га. жер сугарылат, мындан сырткары “Чоң-Алыш” каналынан 980 га суу берилет.
Мындан сырткары Жумаев “Ала-Арча” дарыясына барды. Бул дарыя “Туш” башкы гидротехникалык курулма аркылуу Аламүдүн, Сокулук райондорун жана Бишкек шаарын сугат суу менен камсыз кылат. Сокулук району – 5 800 га, Аламүдүн району – 2 546 га, ал эми Бишкек шаарына – 1 654 га.
Жумаев аталган райондогу дыйкандарга бөлүштүрүп берилген сугат суунун көлөмүн текшерди. Тиешелүү жетекчилерге вегетация мезгилинде жергиликтүү калкты сугат суу менен үзгүлтүксүзт камсыз кылууну тапшырды.
