Авазбек Атаханов Пакистандын Темир жол боюнча Федералдык министри Мухаммад Ханиф Аббаси менен жолукту
25 апрель

Авазбек Атаханов Пакистандын Темир жол боюнча Федералдык министри Мухаммад Ханиф Аббаси менен жолукту

2025-жылдын 12–13-майына белгиленген Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын Бешинчи жыйынына даярдыктын алкагында, кыргыз тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Авазбек Атахановдун Пакистандын Темир жолдор министри Мухаммад Ханиф Аббаси менен жолугушуу өттү.

Жолугушууда тараптар темир жол тармагындагы кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Кыргызстан менен Пакистан ортосунда бул багытта практикалык кызматташууну чыңдоонун маанилүүлүгү белгиленип, транспорт, логистика, санариптештирүү, темир жол индустриясы жана туризм тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экенине өзгөчө көңүл бурулду.

Элчи А.Атаханов "Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолунун курулушу башталганын билдирип, бул долбоор "Бир алкак – бир жол" демилгесинин маанилүү бөлүгү болуп саналарын жана Азия менен Европанын аймактарынын ортосундагы транспорттук байланыштарды жакшыртууга көмөк көрсөтөрүн белгиледи.

Өз кезегинде, министр М.Х.Аббаси Кыргыз Республикасын "Өзбекстан–Афганистан–Пакистан" багыты боюнча темир жол магистралын куруу долбооруна кошулуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырып, бул кадам Борбордук Азия өлкөлөрүнө Пакистандын Карачи портуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыздай турганын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар темир жол куруу жана эксплуатациялоо, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жаатында кызматташууну активдештирүү, бул багытта биргелешкен жумушчу топ түзүү жана өз ара сапарларды уюштурууну макулдашты.

Жолугушуунун соңунда Элчи А.Атаханов Пакистандын Темир жолдор министри башында турган делегацияны Кыргыз Республикасына таанышуу сапары менен келүүгө чакырды.