Алмаз Кадыралиев: ЕАЭБге кирген он жыл бизге эмнелерди берди – убактылуу кыйынчылык жана туруктуу түшүнүк
19 август

Алмаз Кадыралиев: ЕАЭБге кирген он жыл бизге эмнелерди берди – убактылуу кыйынчылык жана туруктуу түшүнүк

Жакында Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны болуп өттү. Бул жылы Кыргызстандын ЕАЭБге кошулганына 10 жыл болду. Бул жылдар Кыргызстан үчүн кандай пайда алып келди жана биримдикке кошулуунун оң жана терс жактары кайсылар деп айтууга мүмкүн?  

Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илим-изилдөө университетинин Экономика кафедрасынын профессору, экономика илимдеринин доктору Алмаз Кадыралиевдин айтымында, биримдикке кошулуунун алгачкы жылдары кыйынчылык менен коштолду, бирок экономикалык модель акыры алмашуу керек эле, өнүгүү үчүн интеграция зарыл. 

“ЕАЭБге кирген он жыл ичинде эмне таптык жана кыргыз экономикасына бул кадам эмне алып келди? Ар бир өнүгүү процессинде жаңылыктар болуп турушу керек. Бирок маселе чечилген сайын, жаңы маселе кошулуп турат. Биринчиден, биримдикке кирип жатканда кандай талаптар болду эле, аны эске алыш керек. Көпчүлүгү чоочулаган, бирок прагматикалык жактан караганда интеграциясыз өнүгүү бизге кыйын болуп калмак. Себеби, буга чейин биздин экономикалык модель – алып-сатуу болчу да. Өндүрүш жактан эч кандай жылыш болгон эмес, 30 жылдын ичинде алып сатканды гана үйрөнгөнбүз”, – деди ал. 

Ал белгилегендей, биримдикке киргенден кийин кыргыз экономикасына жаңы талаптар коюлду. Бул бир жагынан жакшы мүмкүнчүлүктөрдү алып келсе, экинчи жагынан ишкерлерге жаңы кыйынчылыктарды жаратты. Бирок бул кыйынчылык убактылуу болду, ал эми өзүбүздүн эски модель менен кетүү мүмкүн болбой калганын түшүнүү түбөлүк орноду. 

“Ак ниет ишкерлерге интеграция мыкты шарттарды түзүп берди, бул ишкерлер аркылуу бизге инновация келди. Товарды өндүрүүдө жаңы талаптар, сапаттар коюлат. Аны менен бирге сапаттуу жумуш орундары пайда болду жана бюджетке кошумча салыктар түшүп, социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүн болду”, – деди Кадыралиев. 

Айтымында, өкмөттөр аралык жыйындын алкагында, илимий-практикалык конференция болуп өттү жана анда коюлган бирден бир маселе – өндүрүш аралык байланыш кооперацияны өнүктүрүү болду. 

“Азыр ЕАЭБ ичинде биз каалагандай деңгээлде интеграция жүрбөй жатат. Себеп дегенде экономикада эң соң кооперация – машина куруунун тегерегинде болот. Бир машина куруу үчүн мамлекеттер аралык байланыш калыптанат, ал товарды экспортко жөнөтүүгө, дүйнөлүк рынокто өз ордун табууга жана бекемдөөгө жакшы шарттарды түзүп берет. Бирок тилекке каршы, биримдиктеги 5 мамлекеттин ортосунда өндүрүш аралык кооперация абдан начар иштегени белгиленди. Мунун үстүндө абдан көп иштерди алып баруу керек...” – дейт ал.