Энергетика министри ири ГЭСтердеги аткарылып жаткан иштерди текшерди
КР энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад облусуна иш сапар менен барып, "Электр станциялар" ААКна караштуу ири ГЭСтердеги долбоорлордун ишке ашырылышы, 2025-2026-жылдагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштери менен таанышты.
Алгач энергетика министри “Нарын ГЭС” ААКы менен келишимдин негизинде "Астория Групп" компаниясы курган кум-шагыл чыгаруучу жана бетон чыгаруучу заводунун ачылышына катышты. Бул бетон заводдон чыгарылган материалдар Камбар-Ата-1 ГЭСнин курулуш иштерине колдонулат. Ачылыш аземине ЖКнын депутаты К.Сулайманов, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы А.Түкебаев жана тийиштүү жетекчилер, энергетиктер катышты.
Иш сапардын жүрүшүндө министр Т.Ибраев Камбар-Ата-1 ГЭСине барып, курулуп жаткан көпүрө, жол, тоннелди бетондоо иштери менен жеринде таанышты. Мындан тышкары министр көпүрөнү куруп жаткан кытайлык подрядчылар менен жолугуп, долбоорду ишке ашыруу этабы, көпүрөнүн сапаты, алдыдагы пландар тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Подрядчылардын айтымында көпүрөнү куруу иштерин 2025-жылдын төртүнчү кварталында аяктоо пландалууда. Эске салсак, көпүрөнү кытайлык "Джан Хунту" компаниясы курууда.
Мындан тышкары энергетика министри Кара-Көл шаарына курулуп жаткан “ Электр станциялар” ААКнын эки кабаттуу административдик имаратынын курулуш иштери менен таанышты. Имаратты 2025-жылдын август айларында пайдаланууга берүү пландалууда.
Энергетика министри Жалал-Абадка болгон иш сапардын алкагында Токтогул ГЭСнин төртүнчү гидроагрегатын реконструкциялоо иштерин текшерип, учурда аткарылып жаткан иштер тууралуу жеринде маалымат алды.
"Электр станциялар" ААКнын директорунун айтымында учурда гидроагрегатты демонтаждоо иштери толугу менен аяктап, монтаждоо жумуштары аткарылууда.
Аны менен катар министр Т.Ибраев Үч-Коргон ГЭСинин экинчи гидроагрегатынын реконструкциялоо иштерин текшерди. ГЭСтин директору жумуш графикке ылайык өз убагында бүткөрүлүп жатканын билдирди. Учурда демонтаждоо иштер аткарылып бүттү, гидроагерегатты ортотуу жумуштары башталууда.
Энергетика министри быйыл мамлекет тарабынан ишке бериле турган 100 проектинин катарындагы энергетикалык обьектилерди өз көзөмөлүнө алып, "Электр станциялар" ААКнын башкы директоруна ГЭСтердеги гидроагрегаттарды реконструкциялоо иштерин графикке ылайык өз убагында бүткөрүүнү жана башка ГЭСтердин күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.
