МСКда Кирк Шмидт жетектеген АӨБ миссиясы менен жолугушуу болду
Мамлекеттик салык кызматында Кирк Шмидт жетектеген Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) миссиясы менен жолугушуу болду. АлСалык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабековдун жетектөөсүндө өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар чакан жана орто бизнести, ишкердикти колдоого багытталган өз ара аракеттенүүнүн потенциалдуу механизмдерин талкуулашты.
Ишкерлерди тейлөө борборунун (ИТБ) натыйжалуу иштешине өбөлгө болуучу административдик жөнөкөйлөтүүлөргө өзгөчө көңүл бурулду.
Салык кызматынын өкүлдөрү ачык диалогго жана ишкердик чөйрөсүнөнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экендигин билдирди.
