Салык кызматы эскертет:"нөлдүк" отчетторду берүүнүн кереги жок
Мамлекеттик салык кызматы КРнын 2025-жылдын 12-февралындагы №37 Мыйзамына ылайык Салык кодексиндеги салык төлөөчүлөрдү "нөлдүк" көрсөткүчтөр менен отчетторду берүүдөн бошоткон өзгөртүүлөр тууралуу эскертет.
Бул өзгөртүү бирдиктүү салык декларациясына тиешелүү эмес, аны белгиленген тартипте тапшыруу керек.
Бул өзгөртүү мурунку отчеттук мезгилдерге, анын ичинде 2025-жылдын 1-январына чейинки мезгилдерге да жайылтылат, анткени ал салык төлөөчүлөрдүн абалын жакшыртууга жана мурда жасалган бузуулар үчүн жоопкерчиликти алып салууга багытталган.
