Ала-Бука районунда мөмө-жемиш концентраттарын өндүрүүчү заманбап ишкана курулат
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда мөмө-жемиш концентраттарын өндүрүүгө адистешкен жогорку технологиялуу ишкана куруу пландалууда.
Бул долбоорду каржылоо боюнча келишимге кол коюлду.
Долбоор айыл чарба тармагындагы негизги көйгөйлөрдүн бири болгон кайра иштетүүчү кубаттуулуктардын жетишсиздигинен улам түшүмдүн коромжуга учурашын азайтууга багытталган.
Долбоордун демилгечилеринин маалыматына ылайык, фермерлердин бактарындагы алманын түшүмүнүн 50 пайызга чейинки бөлүгү, айрыкча рынокто сатууга кыйын болгон сорттолбогон мөмөлөр, жыл сайын колдонулбай калып, жоготууга учурайт.
Ишкана ишке берилгенден кийин ата мекендик фермерлер жыл сайын 45 миң тоннага чейин сорттолбогон алманы кайра иштетүүгө өткөрө алышат. Ал эми даяр концентраттын жылдык өндүрүш көлөмү 7 миң тоннадан ашат.
Белгиленгендей, долбоордун ишке ашышы менен Кыргызстандагы шире өндүрүүчүлөр чийки затты өлкөнүн өзүнөн сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, импорттук концентраттарга болгон көз карандылык кыйла азаят.
Ишкананын негизги өзгөчөлүгү – экологиялык жактан таза өндүрүш жана жогорку деңгээлдеги автоматташтыруу болот. Заводдо мөмөнүн пайдалуу касиеттерин сактоого мүмкүндүк берген заманбап вакуумдук буулантуу технологиялары колдонулуп, эл аралык сапат стандарттарына жооп берген продукция чыгарылат.
Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан белгилешкендей, бул долбоордун ишке ашырылышы аймактарды өнүктүрүүгө, фермерлерди колдоого, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого жана импортту алмаштырууга олуттуу салым кошот.
