Кыргыз-казак чек арасында чегирткелерге каршы күрөшүү боюнча биргелешкен иш-чаралар талкууланды
25 апрель

Кыргыз-казак чек арасында чегирткелерге каршы күрөшүү боюнча биргелешкен иш-чаралар талкууланды

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин (мындан ары - ӨХККД) жетекчилиги жана Чүй, Талас аймактык башкармалыктарынын башчылары Казакстан Республикасынын Агроөнөржай комплексиндеги мамлекеттик инспекциясы комитетинин (АӨЖКМИК) төрагасы С.Каныбеков жана адистери менен бирге видеоконференция форматында жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуунун максаты – Кыргызстан менен Казакстандын чектеш аймактарында зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү иштерин координациялоо жана биргелешип аткаруу механизмдерин талкуулоо болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Турсунбек  Кубанычбеков Кыргызстандагы чегирткелерге каршы жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик иш-чаралар боюнча маалымат берди. Анын айтымында, учурда өлкөнүн түштүк аймактарында чегирткелерге каршы күрөшүү иштери активдүү жүрүп жатат. Бул иштерге жетиштүү көлөмдө атайын техника жана пестициддер тартылып, кырдаал департаменттин көзөмөлүндө.

Ошондой эле, Чүй жана Талас облустарында чегирткелердин чыгуусу азырынча каттала элек. Аймактык башкармалыктардын адистери тарабынан изилдөө иштери ыкчам жүргүзүлүүдө.

Кыргыз тарап Казакстандык кесиптештерге Өкмөттөр аралык макулдашуунун негизинде чегирткелерге каршы биргелешкен иш-чаралар планын иштеп чыгып, практикалык кадамдарга өтүүнү сунуштады.

Өз кезегинде, С. Каныбеков Казакстандын, анын ичинде Кыргызстан менен чектеш облустардагы абал тууралуу маалымат берип өттү. Жамбыл облусунда 176 миң гектар, ал эми Алматы облусунда 63,4 миң гектар аймакта чегирткелерге байланыштуу изилдөөлөр жүргүзүлүп, зыянкечтер чыккан аймактарда химиялык иштетүүлөр жүргүзүлгөнүн билдирди.

Казакстандык адистердин маалыматына ылайык, Кыргызстан менен чектеш аймактардан зыяндуу чегирткелердин учуп өтүү жана айыл чарбасына зыян келтирүү коркунучу аз. Бул – өз убагында жана ыкчам жүргүзүлгөн химиялык күрөшүү иштерине байланыштуу экени белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап чегирткелердин чек ара аркылуу өтүп, айыл чарба эгиндерине зыян келтирүүсүнүн алдын алуу максатында биргелешкен иш-чараларды улантуу зарылдыгын белгилешти.