Сүлүктүдө эки ири көмүр кени ачылат
25 апрель

Сүлүктүдө эки ири көмүр кени ачылат

Сүлүктүдө эки ири көмүр кени ачылат, деп кабарлайт президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, облус башчысынын орун басары Абдирашит Ташбалтаев жаңыдан ачылуусу күтүлүп жаткан көмүр кендеринин иши менен таанышты.

Сүлүктү шаарындагы «У Линь Групп» ЖЧКсы көмүр кени 2025-жылдын аягына ачылуусу күтүлүүдө. Ишкана жылына 1 млн тонна көмүр өндүрүүсү күтүлөт. 300 адам жумуш менен камсыз болот. Көмүр кенин ишке киргизүү үчүн керектелүүчү акча каражаты 40 млн АКШ долларын түзөт, учурда 5 млн. АКШ доллары жумшалган.

Сүлүктү шаарындагы ачылуучу экинчи көмүр кени, «Мурас-1» ЖЧКнун кубаттуулугу жылына 800 тонна. Учурда ишкананын курулушуна 9,0 млн. сом жумшалган. Жалпы керектелүүчү акча каражаты 11,2 млн сомду түзөт. Ишкананы жыл аягына пайдаланууга берүү пландалган.

А.Ташбалтаев өнөр жай ишканаларынын ачылуусу облустун социалдык-экономикалык абалын жакшыртууда мааниси зор экенин белгилеп, ишканалардын толук кандуу ишке кирүүсү үчүн жериликтүү бийлик бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп колдоо көрсөтөөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын аягына облуста 13 ири өнөр жай ишканасынын ачылуусу пландалган