президенттин администрациясы
16 сентябрь
Кыргызстандын президенти Борбордук Азия жана Корея биргелешкен инвестициялык фонд түзүүнү сунуштады
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Борбордук Азия жана Корея биргелешкен инвестициялык фонд түзүүнү сунуштады.
Ал мындай сунушту Сеул шаарында өткөн “Борбордук Азия – Корея Республикасы” биринчи саммитинде сөз сүйлөп жатып айтты.
Президент технологиялык кызматташтыкка, жасалма интеллектти киргизүүгө жана санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Бул контекстте мамлекет башчысы биргелешкен пилоттук технологиялык аянтчалардын тармагын түзүүнү сунуш кылды.
