Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу үчүн дамбаны тандап алуу боюнча тегерек стол өткөрүлдү
Адистердин белгилөөсүндө бул жолку жолугушуу Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу үчүн чоң мааниге ээ. Анткени дамбаны тандоо, андан соң техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу долбоордун негизги этабы болуп саналат.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун долбоорун даярдоо иштерин каржылагандардын бири. Ал эми техникалык-экономикалык негиздемени Швейцариянын AFRY инженердик компаниясы иштеп чыгууда.
Тегерек столдун жыйынтыгында дамбанын түрү тандалып, анын негизинде техникалык-экономикалык негиздемени 2025-жылдын май айына чейин даярдоо чечими кабыл алынды.
Учурда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдык көрүү боюнча бир катар иштер аткарылды.
Анда үстүбүздөгү жылдын 30-августуна карата 1388 метр узундуктагы транспорттук тоннелдин курулушу аяктады. 15 чакырымдык бетон жолдордун бир тилкеси бүткөрүлдү. Электр чубалгыларын тартуу иши 80%га аткарылды. Ал эми 110 кВ электр берүү линиясы менен 110/6 кВ көмөкчордонун курулушун бүтүрүү 2024-жылдын аягына чейин пландаштырылган. Ошондой эле Нарын дарыясына көпүрө куруу жана жумушчулар үчүн шаарчаны салуу иштери да жүрүп жатат. ГЭСти куруу боюнча бардык даярдоо этаптары 2025-жылдын май айына чейин толук аяктайт деп күтүлүүдө.