МСК: Жыл сайын ишкердик субъекттеринин саны өсүүдө
3 июль

МСК: Жыл сайын ишкердик субъекттеринин саны өсүүдө

Жыл сайын өлкөдө ишкердик субъекттеринин саны өсүүдө. Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов УТРК " Ала-Тоо 24" каналына берген маегинде билдирди.

“Бүгүнкү күндө өлкөдө каттоодон өткөн 155 миң фирма бар. Эки жыл мурда жеке ишкерлердин саны 98 миңдей болсо, азыр 500 миңге чейин көбөйдү. Бул чоң көрсөткүч”, – деп белгиледи Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов.

Ал бул жагдай Кыргызстандан ишкерлер качып атат, баары кетип калды деген жүйөөсүз сөздөрдү жокко чыгара тургандыгын билдирди

Алмамбет Шыкмаматов салыктын адилеттүүлүк, эрежелердин жеткиликтүүлүгү, мыйзамдардын түшүнүктүүлүгү жана салык саясатынын ийкемдүүлүгү принциптерине шайкеш иш алып баруунун актуалдуулугун баса белгиледи.