ЕАЭБ алкагында “Синтетикалык жуучу каражаттардын коопсуздугу жөнүндө” техрегламенттин долбоору иштелип чыкты
Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги маалымдайт.
Долбоордо синтетикалык жуугуч каражаттарга (кир жуугуч каражаттар) жана тиричилик химиясынын товарларына (тазалоочу жана жуугуч каражаттар, идиш жуугуч каражаттар ж.б.) коопсуздук талаптары белгиленет, классификация жана кооптуулук критерийлери, эскертүүчү маркалоо жана синтетикалык жуучу каражаттардын жана тиричилик химиясынын коопсуздугунун паспорту каралган, ошондой эле шайкештикти баалоо формалары белгиленген.
Синтетикалык жуучу каражаттардын жана тиричилик химиясынын товарларынын өндүрүүчүлөрү жана импортерлору аталган техникалык регламенттин долбоорун кабыл алууда милдеттүү боло турган жаңы талаптарга көңүл бурушу керек.