Ноокат районунда кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери башталды
Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айыл аймагындагы Көк-Жар айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин эгин талаасында кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо боюнча иш-чара өтүп, буудай жыйноого расмий түрдө старт берилди.
Белгилей кетсек, быйыл Көк-Жар үрөнчүлүк айыл чарба өндүрүштүк кооперативи 160 гектар аянтка буудай, 44 гектар жерге арпа айдалган. Бүгүнкү оруп-жыйноо иш-чарасы дал ушул тажрыйбалуу талаанын жыйынтыктарын практикада көрсөтүүгө жана аны башка дыйкандарга жайылтууга багытталган.
2025-жылдагы түшүм жыйноо кампаниясы бүткүл өлкө боюнча мурдагы жылга салыштырмалуу ыкчамыраак жүрүп жатат.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда түшүмдүн көлөмү жана оруп-жыйноо темпи кыйла өскөнү байкалууда.
