Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында суу менен камсыздоо системасы курулууда
6 май

Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында суу менен камсыздоо системасы курулууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары - Суу ресурстары кызматынын директору Нурлан Жумаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы суу менен камсыздоо системасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

"Кызыл-Суу" кичи долбоору 2023-жылдан тарта "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" долбоорунун алкагында долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү тарабынан ишке ашырылып келет. Иш сапардын алкагында долбоордун негизги объектилери каралды: №2 жаңы суу сактагычтын курулушу, №1 суу сактагычты капиталдык оңдоо иштери, суу түтүктөрүн жана бөлүштүрүүчү тармактарды төшөө, ошондой эле суу чыгымдоо скважинасынын аймагы.

Мониторингдин жүрүшүндө курулуш иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттык стандарттарга ылайык жүргүзүү боюнча артыкчылыктуу тапшырмалар белгиленди. Ошондой эле, келечектеги суу берүү системасын туруктуу эксплуатациялоо жана жергиликтүү калк менен тыгыз кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Кызыл-Суу айылындагы суу менен камсыздоо системасынын курулушу айыл жерлериндеги калкты таза жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программанын алкагында ишке ашырылууда.