Соцфонд жыл башынан бери 31 миңден ашуун жаранга пенсия чектеди
Социалдык фонд 2025-жылдын январь-июнь айларында 31 255 жаранга пенсия чектеди.
Анын ичинде июнь айында:
- 3379 жаранга пенсия чектелди
- 1283 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелди (эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча кошумча документтердин негизинде).
Пенсия тууралуу суроолорго жооп алуу үчүн 1202 номерине кайрылсаңыз болот.
