Кыргызстан менен Эстония соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо маселесин талкуулашты
25 апрель

Кыргызстан менен Эстония соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо маселесин талкуулашты

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров менен Эстониянын Кыргызстандагы элчиси (резиденциясы Астана шаарында жайгашкан) Яап Ора жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана санариптик чөйрөлөрдө кыргыз-эстон мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.

Тараптар ошондой эле эки тараптуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча тажрыйба алмашууга өбөлгө түзгөн ТИМ аралык саясий консультацияларды үзгүлтүксүз уюштуруу жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну улантуу маселелерин талкуулашты.

2025-жылдын 24-25-апрелинде Бишкек шаарында өтө турган “Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу” эл аралык конференциясына Эстониянын делегациясынын катышуусу өзүнчө талкууланды.
Жолугушуунун соңунда эки тарап эки тараптуу кызматташууну, анын ичинде эки өлкөнүн өнөр жай министрликтери жана ишкер чөйрөлөрү аркылуу тереңдетүүгө кызыкдар экенин ырасташты.