Кыргызстандын банктарындагы көйгөйлүү кредиттер 68,4 млрд сомго жетти
Сүрөт ачык булактардан алынды
12 август

Кыргызстандын банктарындагы көйгөйлүү кредиттер 68,4 млрд сомго жетти

Кыргызстандын банк системасында классификацияланган кредиттердин көлөмү өстү.

30-июнга карата алардын суммасы 68,4 млрд сомду түзүп, жалпы кредит портфелинин 11,3%ына жетти.

2025-жылдын аягында классификацияланган кредиттер 53 млрд сомду же кредит портфелинин 10,5%ын түзгөн. Ошентип, жыл башынан бери алардын көлөмү 15,4 млрд сомго көбөйдү.

Мындан тышкары, мөөнөтү өтүп кеткен кредиттердин суммасы да өстү. Ал 10,5 млрд сомго жетип, банктардын жалпы кредит портфелинин 1,7%ын түздү.

Жыл башынан бери мөөнөтү өтүп кеткен карыздын көлөмү 1,8 млрд сомго же 21,1%га көбөйгөн.

Ошол эле учурда банктардын жалпы кредит портфели 18,9%га өсүп, 602,6 млрд сомду түздү.