Кыргызстанда салыктардан жана камсыздандыруу төгүмдөрүнөн түшкөн киреше 464,5 млрд сомго жетти
Сүрөт ачык булактардан алынды
24 ноябрь

Кыргызстанда салыктардан жана камсыздандыруу төгүмдөрүнөн түшкөн киреше 464,5 млрд сомго жетти

Кыргызстанда салыктардан жана камсыздандыруу төгүмдөрүнөн түшкөн жалпы киреше 464 млрд 493 млн сомду түзүп, 19%га өстү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын аппараттык жыйынында мекеменин төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, анын ичинен салыктык түшүүлөр 371 млрд 485 млн сомду түзүп, 21%га көбөйгөн. Ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү 13%га өсүп, 93 млрд 7 млн сомго жеткен.

Алмамбет Шыкмаматов кирешелердин көбөйүшүнүн негизги себептеринин бири катары салыктык башкарууну санариптештирүүнү атады. Анын айтымында, электрондук инструменттер ишкердиктин ачык-айкындуулугун жогорулатып, бизнести көмүскө экономикадан чыгарууга жана салыктардын чогулушун жакшыртууга өбөлгө түзүүдө.

Ошондой эле ал Кыргызстанда ишкерлер үчүн бир катар жеңилдиктер каралганын белгиледи. Алардын катарына КНС, акциз, импорт жана пайда салыгы боюнча жеңилдиктер, ошондой эле административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү кирет.

Ошол эле учурда салык мыйзамдарына тез-тез өзгөртүү киргизүү ишкерлерге ыңгайсыздык жаратарын белгилеп, мындан ары Салык кодексине өзгөртүүлөрдү, негизинен, жылына бир жолу киргизүү пландалып жатканын айтты.

Мындан тышкары, Салык кызматынын алдында салык реформалары боюнча өзүнчө башкармалык түзүү каралууда. Ал салык системасын талдап, кошумча жеңилдиктерди берүү же мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарылдыгын аныктайт.

Мекеменин башчысы салык маданиятын калыптандыруунун маанилүүлүгүнө да токтолду.

«Мекенди сүйүү – бул салыктарды төлөө да. Биз Кыргызстанды салыктардын эсебинен кармап турабыз», – деди ал.

Анын айтымында, жарандарга салыктар кайсы максаттарга жумшаларын жана аларды өз убагында төлөө эмне үчүн маанилүү экенин кеңири түшүндүрүү зарыл.

Алдыда Салык кызматы ак ниет салык төлөөчүлөргө кошумча тоскоолдуктарды жаратпастан, санариптик маалыматтарды, аналитиканы жана заманбап технологияларды колдонуу аркылуу көзөмөлдү күчөтүүнү көздөөдө.