
Ишкерлердин тобу Германияга тажрыйба алмашууга барышат
Ноябрь айында жашыл технология жана медицина тармагынын өкүлдөрү болгон бизнесмендердин тобу немис компанияларына барып, кесиптештери менен бир катар консультацияларды өткөрөт.
КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев белгилегендей, программа бизнесмендердин профессионалдык деңгээлин жогорулатууга жардам бере турган билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, бул Германияда жаңы өнөктөштөрдү табууга, ошондой эле бизнес үчүн жабдууларды сатып алууга уникалдуу мүмкүнчүлүк.
Иш-чара КР Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Бизнеске билим берүү борбору тарабынан уюштурулду.