Быйыл республика боюнча акыркы 12-20 жылда кездешпеген очоктордо чегирткелердин массалык чыгуулары катталган
2025-жылдын 2-июлуна карата Кыргыз Республикасында зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү боюнча абал төмөнкүчө:
Зыяндуу чегирткелер жыл сайын республиканы айыл чарба өнүмдөрүнүн түшүмдүүлүгүнө коркунуч туудурган негизги зыянкечтердин бири болуп эсептелет. 2025-жылы зыяндуу чегирткелердин биринчи чыгуусу 3-апрелде Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда, ал эми 3-майда Чүй облусунун Панфилов районунда катталды.
Жаздын эрте келиши, кургакчылык, ошондой эле май айындагы аномалдуу ысык аба-ырайы зыяндуу чегирткелердин тарыхый очокторунда массалык чыгууга себеп болду. Быйылкы жылы республика боюнча акыркы 12-20 жылда кездешпеген очоктордо массалык чыгуулар катталды.
2025-жылдын 2-июлуна карата Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте республика боюнча 144 673 гектар аянтта зыяндуу чегирткелердин очокторун аныктоо боюнча изилдөө ишин жүргүзүштү. Анын ичинен 103 696 гектар аянтта зыяндуу чегирткелер табылган.
Азыркы учурда, зыяндуу чегирткелер табылган аянттардын 92 709 гектарында (90 %) химиялык иштетүүлөр жүргүзүлдү. Химиялык иштетүүлөр Өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин атайын техникалары – 10 даана Микронер АУ-8115М уу чачуучу аппараттары жана 5 трактордук уучачкычтар менен, ошондой эле “Шумкар” ЖЧКсынын жеңил авиациясы аркылуу ишке ашырылды.
Облустар боюнча кырдаал төмөнкүчө:
- Жалал-Абад облусунда 45 378 га аянт изилденип, зыяндуу чегирткелер табылган аянт 33 010 гектарды түздү. Химиялык күрөшүү чаралары 32 790 гектарга жүргүзүлдү.
- Ош облусунда 26 870 га аянт изилденип, 22 050 гектар аянтта зыяндуу чегирткелер аныкталды, анын ичинен 17 700 гектар химиялык иштетилди.
- Баткен облусунда 29 300 га аянт изилденип, зыяндуу чегирткелер табылган аянт 24 030 гектарды түздү. Химиялык күрөшүү чаралары 24 030 гектарга жүргүзүлүп, анын ичинен 3 410 гектар жеңил авиация менен иштетилди.
- Чүй облусунда 24 273 га аянт изилденип, зыяндуу чегирткелер табылган аянт 10 316 гектарды түздү. Химиялык иштетүүлөр 6 919 гектар аянтта жүргүзүлдү. Учурда Суусамыр өрөөнүндө изилдөө жана күрөшүү иштери уланууда.
- Талас облусунда 8 200 га аянт изилденип, зыяндуу чегирткелер табылган аянт 6 250 гектарды түздү. Химиялык иштетүүлөр 3 430 гектар аянтта жүргүзүлдү.
- Нарын облусунда 10 652 га изилдөө жүргүзүлүп, зыяндуу чегирткелер табылган аянт 8 040 гектарды түздү. Химиялык иштетүүлөр 7 840 гектар аянтта жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө Баткен жана Талас облустарында күрөшүү чаралары аяктады, Ош жана Жалал-Абад облустарында күрөшүү ушул аптанын ичинде жыйынтыкталат, ал эми Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө жана Нарын облусунда Департаменттин адистери тарабынан изилдөө жана күрөшүү иштери уланууда.
Азыркы абал Департаменттин толук көзөмөлүндө жана пестициддер, ГСМ менен башка керектүү материалдар жетиштүү камсыздалган.
Чектеш республикалардагы абал:
2025-жылдын 27-31-май күндөрү Кыргызстандын жана Өзбекстандын өсүмдүктөрдү коргоо адистери чек ара аймактарында зыяндуу чегирткелердин очокторун аныктоо жана аларга каршы күрөшүү максатында изилдөө жана мониторинг жүргүзүштү.
Кыргызстандан ӨХККДнын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын, Өзбекстандан Өсүмдүктөрдүн карантини жана коргоо агенттигинин Анжиян, Наманган жана Фергана облустарынын тиешелүү адистери катышты.
Кыргызстан менен чектеш аймактарда зыяндуу чегирткелердин өлкөгө учуп кирүүсү жана айыл чарбага зыян келтирүү коркунучу жок.
2025-жылдын 2-5-июнуна чейин Департаменттин жана Казакстандын Агроөнөр жай комплекстеги мамлекеттик инспекция комитетинин адистери чек ара аймактарында зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү иштерин координациялоо максатында изилдөө жана мониторинг жүргүзүштү.
Изилдөөлөр Кыргызстандын Талас жана Чүй облустары менен Казакстандын Жамбыл облусунун чек ара аймактарында өткөрүлдү.
Трансчегаралык изилдөөлөргө Департаменттин жана Казакстандын тиешелүү адистери катышты.
Кыргызстан менен Казакстандын чек ара аймактарында зыяндуу чегирткелердин республикага кирүүсү жана айыл чарбага зыян келтирүү коркунучу жок.
Аталган иш-чаралардын максаты – эки өлкөнүн ортосунда зыяндуу чегирткелерге каршы биргеликте күрөшүү, ыкчам маалымат алмашуу жана зыяндуу чегирткелердин миграциясын алдын алуу менен айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирүүнү болтурбоо болуп саналат.
