Депутат Салык кызматынын талабына каршы болгон Таластагы соодагерлердин маселесине көңүл бурууга чакырды
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марат Мураталиев 18-мартта Таластагы ишкерлердин маалымат жыйынында көтөрүлгөн маселеге реакция кылууну сунуштады.
«Алар айтып жатышат, товарлар Кыргызстанга башка өлкөдөн алынып келгенде «растаможка», КНС алынат экен. Кайра эле Кыргызстандын ичинде товар ташууда, мисалы, Дордойдон алып Таласка жеткиргенге чейин эки-үч күн кармашат. Азыр калган товарларга 5 пайыз киргизишти, аны эсептетпесе 15 миң сомдон айып салынат экен. Салык кызматы тарабынан эч кандай түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөгөнүн айтып жатышат. Баары эле улуу курактагы адамдар соода кылышат экен, ушулардын маселесине көңүл буруп койсок жакшы болот эле», – деген депутат Салык кызматынын жетекчилигинин чакырып, бул жаатта суроо-жооп кылууну сунуштады.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу келерки дүйшөмбүдөн баштап бир жума депутаттар жер-жерлерде шайлоочулар менен жолугушаарын эске салып, ошол жактан элдин пикирин дагы жакшылап угуп келүүнү, андан кийин гана Салык кызматынын жетекчилигин чакырууну сунуштады.
Эске салсак, 18-мартта Талас шаарындагы борбордук базарда 50 чакты соодагер көчмө маалымат жыйын өткөрүшкөн. Алар Мамлекеттик салык кызматынын товарларды легализациялоо боюнча 1-апрелге чейин коюлган талабына нааразычылыгын билдиришкен. Айтымдарында, ал талап боюнча соодагерлер ККМ коюп, бардык калып калган товарларды эсептеп, бухгалтер алып, саткан товардын 5 пайызын төлөгөнгө туура келет. Соодагерлер «базарда жыргаганынан отурушпаганын» белгилеп, президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдошкон.
