Токтогул ГЭС: үч ай ичинде реконструкциянын 51% аткарылды
Токтогул ГЭСиндеги акыркы, төртүнчү гидроагрегатты жаңыртуу иштери 2025-жылдын апрель айында башталган.
Үч ай аралыгында реконструкциянын жалпы көлөмүнүн 51 пайызы ийгиликтүү аткарылды.
Реконструкциялоо иштери «Электр станциялар» ачык акционердик коому менен General Electric (GE, Франция) компаниясынын ортосундагы келишимге ылайык жүргүзүлүп жатат. План боюнча төртүнчү гидроагрегатты жаңыртуу иштери ушул жылдын ноябрь айында аякташы күтүлүүдө.
Бүгүнкү күндө төмөнкү жумуштар аткарылган:
• Турбинанын монтажы — 65,3%
• Генератордун монтажы — 32,2%
• Ротордун чогултулушу — 83,5%
• Статордун чогултулушу — 87,7%
• Жардамчы электр бөлүгүнүн монтажы — 41,1%
• Жардамчы механикалык бөлүгүнүн монтажы — 66,3%
Мындан тышкары, ишкананы заманбап башкаруу максатында ERP тутумунун үчүнчү этабы ишке ашырылып жатат. Ошондой эле, ГЭСтин коопсуздугун жогорулатуу максатында плотиналардын абалын көзөмөлдөөчү автоматташтырылган системаны ишке киргизүүгө даярдыктар көрүлүүдө.
2026-жылы долбоор толугу менен аяктаганда, Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 240 МВтка көбөйүп, 1440 МВтка жетет.
