Беловодское айылында бетон заводу курулат
Беловодское айылында бетон даярдоо заводун куруу маселеси каралды, деп билдирет Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 30-июнда Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына караштуу Москва райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда Шаар куруу кеңеши болуп өттү.
Кеңештин жүрүшүндө Беловодское айылындагы Ленин көчөсүндө курула турчу бетон даярдоо заводун куруу маселеси каралды.
Шаар куруу кеңешинин жыйынтыгы боюнча тиешелүү кызматтардан жазуу жүзүндө макулдуктар алынгандан кийин, бетон даярдоо заводунун курулушун баштоо тууралуу чечим кабыл алынды.
