«Ынтымак» фракциясы Тогуз-Торо районунда туристтик сезондун ачылышына катышты
20 июнь

«Ынтымак» фракциясы Тогуз-Торо районунда туристтик сезондун ачылышына катышты

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин «Ынтымак» фракциясынын депутаттары Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна иш сапары менен барып, «Санжыралуу Саймалуу-Таш – 2025» аттуу туристтик сезондун ачылыш аземине катышты.

Алгач фракция жетекчиси Марлен Маматалиев баштаган депутаттар Балбак Түлөбаев, Лейла Лурова, Мурадил Сыдыков, Эрулан Кокулов жана Аида Исатбек кызы Саймалуу-Таш жаратылыш паркынын Көк-Арт участкасындагы этно айыл менен таанышып чыгышты. Анда жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн эмгектери жана улуттук тамак-аш түрлөрү көргөзмөгө коюлуп, тарыхый мурастарды жайылтууга багытталган мастер-класстар уюштурулган.

Маарекеде сөз сүйлөгөн фракция жетекчиси Марлен Маматалиев иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолуп:

«Тогуз-Торо алыскы райондордун бири болгону менен туризм жаатындагы мүмкүнчүлүктөрү абдан кенен. Бүгүнкү иш-чара аймактын экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн маанилүү окуя болуп саналат. Аймактардагы туризмди өнүктүрүү жергиликтүү элге эле эмес, жалпы мамлекетке пайда алып келе турган иш. Тогуз-Торонун кооз жаратылышы, меймандос эли эс алуучулардын кызыгуусун арттырарына дагы бир жолу ынанып турабыз», – деп белгиледи.

Ал эми депутат Аида Исатбек кызы туризм тармагын өнүктүрүү боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу кеп кылып:

«Мамлекет акыркы жылдары туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Жер-жерлерде эс алуучулардын ыңгайлуулугун камсыздоо максатында инфратүзүмдүк объектилер жаңыланып жатат. Андан Тогуз-Торо жергеси да четте калбай, туристтердин агымын көбөйтүүгө болгон аракетин жумшап келет. Мекенибизге келген чет элдиктер табияттан да, элден да, аларга түзүлгөн шарттардан да таасирленип, кайра келгиси келгендей болуп кетиши керек. Баарыбыз буга аракет жасоого тийишпиз», – деди.

Майрамдык иш-чара андан ары концерттик программа менен коштолуп, улуттук оюндардын түрлөрү да тартууланды.