Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушу канттын баасын көтөрүүдө
13 март

Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушу канттын баасын көтөрүүдө

АКШ менен Израилдин Иранга каршы жүргүзгөн аскердик операциясы жана Тегерандын жооп иретиндеги соккулары нефть, газ жана бир катар стратегиялык маанилүү товарлардын баасынын олуттуу өсүшүнө алып келди. Бул тууралуу The New York Times басылмасы билдирет.

Баалардын өсүшү жер семирткичтерге, кантка, алюминийге жана гелийге да таасир этти. Мисалы, негизги азоттук жер семирткичтердин бири болгон мочевинанын баасы жаңжал башталгандан бери 35% га кымбаттады, анткени дүйнөлүк жеткирүүлөрдүн болжол менен үчтөн бири Ормуз кысыгы аркылуу өтөт. Ошол эле учурда аймактагы өлкөлөр жер семирткичтерди жана өнөр жайда колдонулган күкірттү экспорттоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Кант рыногунда да абал татаалдашты. Кант камышын өндүрүү боюнча дүйнөдөгү эң ири өлкө — Бразилия — нефть баасынын өсүшүнө байланыштуу камыштын көбүрөөк бөлүгүн этанол өндүрүүгө багыттоого мажбур болууда. Бул дүйнөлүк рынокто кант сунушунун азайышына алып келүүдө.

Алюминийдин баасы дээрлик акыркы төрт жылдагы эң жогорку деңгээлге жетти. Бул металл Катар жана Бахрейнде өндүрүлөт, ал эми чийки зат Ормуз кысыгы аркылуу импорттолот. Кеме каттамдарынын токтошу жеткирүүлөрдө үзгүлтүк жаратып жатат.

Чыңалуу гелий рыногуна да таасир этти. Катар дүйнөлүк гелий өндүрүшүнүн болжол менен үчтөн бир бөлүгүн камсыздайт. Бул газ жарым өткөргүчтөр өнөр жайында колдонулат. Рас-Лаффан шаарындагы өнөр жай объектилерине жасалган соккулар заводдордун ишин токтотууга алып келди.

Эске салсак, 28-февралда АКШ менен Израиль Иранга каршы операция баштаган. Бул өлкөнүн ири шаарларына соккулар жасалып, Тегеран жооп чараларын көргөн. Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамдарынын токтошу нефть жеткирүүлөрүнүн тарыхтагы эң ири үзгүлтүгүнө себеп болду.

12-мартта Ирандын Перс булуңундагы энергетикалык инфраструктурага жасаган соккулары нефть баасынын кайрадан кескин өсүшүнө алып келди. Коңшу өлкөлөрдө алты кеме жана күйүүчү май сактоочу резервуарлар жабыркаган. Ирандын аскердик жетекчилиги болсо мындан ары «соккуга – сокку» принциби менен аракет кыларын билдирген.