Кызыл-Кыя шаарында транспорттук-соода логистикалык комплекстин курулушу башталды
Баткен облусуна караштуу Кызы-Кыя шаарында транспорттук-соода логистикалык комплекстин курулушу башталды. Бул тууралуу Кызыл-Кыя шаардык мэриясынан кабарлашты.
Долбоор шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жаңы дем берүү, инвестиция тартуу, транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү максатында ишке ашырылууда.
Долбоордун жалпы аянты 13 гектарды түзүп, болжолдуу наркы 3 млрд сомду түзөт.
Курулуш иштери мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) механизминин негизинде, жеке өнөктөш «Алтын Аска» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Комплекстин курамында товарларды кабыл алуу, сактоо жана бөлүштүрүү үчүн заманбап кампалар, соода аянттары, транспорт каражаттарын токтотуучу жана тейлөөчү жайлар, ошондой эле заманбап логистикалык инфраструктура каралган.
Долбоор толук ишке ашырылган учурда 3 миңден ашуун жаңы жумуш орду түзүлүп, калктын иш менен камсыз болуусуна, жергиликтүү ишкердиктин өнүгүшүнө, соода жүгүртүүнүн кеңейишине жана шаар экономикасынын өсүшүнө өбөлгө түзөт.
