МСКнын 35 жылдыгы: бир катар кызматкерлер сыйланды 
1 июль

МСКнын 35 жылдыгы: бир катар кызматкерлер сыйланды 

Бүгүн, 1-июлда Улуттук тарых музейинде Салык кызматынын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына жана салык кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Юбилейлик датанын жана кесиптик майрамдын урматына Салык кызматынын бир катар кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталары жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин грамоталары менен сыйланышты.

Өлкөнүн финансы-экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн, ошондой эле КР Салык кызматкерлеринин күнүн майрамдоого байланыштуу Салык кызматынын төмөнкү кызматкерлери Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды:

  • Руслан Суйналиев,
  • Кубанычбек Атабаев,
  • Эльвира Акулуева,
  • Динар Баишева,
  • Орозбек Боромбаев,
  • Бахтияр Гузалов,
  • Бекмамат Исманов,
  • Азизбек Маликов,
  • Бек Мамадалиев,
  • Мухаммедимин Тайлаков.

Салык системасын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн төмөнкү кызматкерлерге Министрлер Кабинетинин алкыш баракчалары тапшырылды:

  • Жаныбек Абдурахманов,
  • Бухатча Аширкулова,
  • Ихматилла Жапаров,
  • Айжан Жапарова,
  • Чолпонбек Жуманалиев,
  • Мамасали Камчыбеков,
  • Сатыбалды уулу Кубанычбек,
  • Талайкуль Сейитова,
  • Роза Сулайманова,
  • Абдыгапар Умарбаев.

Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы, көп жылдык ак ниет эмгеги, ошондой эле активдүү коомдук ишмердиги үчүн Салык кызматынын төмөнкү кызматкерлерине КР Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары тапшырылды:

  • Нуржамал Таджиева,
  • Кулбара Бейшенбиева,
  • Гульмира Азимканова,
  • Сабира Мендекеева,
  • Гульнура Джумабаева,
  • Бегимай Айтмамбетова,
  • Айзат Сакелова.

Мындан тышкары Медетбек Думанаев ак ниет кызматы жана салык системасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн КР Жогорку Кеңешинин медалы менен сыйланды.