Кунарсыз жерлерди иштетүүдө дыйкандарга ар тараптуу колдоолор көрсөтүлөт
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги сыртта эмгек миграциясында жүргөндөргө жана өлкө ичиндеги жарандарга кунарсыз жерлерди өздөштүрүп, киреше булагын арттырууга чакырат.
Учурда жалпы республика боюнча 614 миң гектар кунарсыз жайыттар аныкталган. Ушул жерлерди өздөштүрүү үчүн бардык жарандарды 243чү токтомдун негизинде министрлик жарандарга Кыргызстанды жашыл аймакка айлантуу менен жакшы киреше табууга мүмкүнчүлүк бар экендигин билдирет.
Кунарсыз жайыт жерлерин иштетүүнү каалагандарга министрлик тарабынан, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан ар тараптуу колдоолор көрсөтүлөт. Алар тамчылатып сугаруу системасын орнотуу, жеңилдетилген насыя алуу, туура, сапаттуу көчөттөрдү, үрөндөрдү тандоодо тажрыйбалуу адистерден кеңеш алуу ж.б. ушундай сыяктуу колдоолор каралган.
