Кыргызстанда банктар компаниялар менен жеке ишкерлердин акча накталайдаштыруусуна көзөмөлдү күчөтөт
Кыргызстандын Улуттук банкы юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин эсептериндеги акча каражаттарын накталайдаштыруу жана транзиттик которуулар боюнча операцияларга көзөмөлдү күчөтөт.
Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк башкармалыгынын 2026-жылдын 1-октябрындагы токтому менен бекитилди. Документ расмий жарыялангандан 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Банктар тобокелдикке багытталган ыкманы колдонуп, ишкердиктин мүнөзүнө жана көлөмүнө туура келбеген операцияларга көңүл бурушу керек.
Тактап айтканда, эсептеги жүгүртүүнүн олуттуу бөлүгүн накталай алуу, ал эми алынган акчанын көлөмү жана жыштыгы компаниянын же жеке ишкердин ишмердигине дал келбеши жогорку тобокелдиктин белгиси катары каралат.
Ошондой эле эсепке акча түшкөндөн көп өтпөй аны үзгүлтүксүз накталай алуу, майда суммалар менен системалуу түрдө акча чыгаруу, операцияларды бөлүп жүргүзүү, бир нече контрагенттен акча түшүп, андан кийин накталай чыгаруу сыяктуу учурлар кошумча текшерилиши мүмкүн.
Мындан тышкары, алынган каражаттарды үчүнчү жактарга, анын ичинде чет өлкөгө тез арада которуу да жогорку тобокелдиктин белгиси болуп саналат.
Жаңы катталган компаниялар менен жеке ишкерлердин эсептеринде ишмердигинин мөөнөтүнө жана көлөмүнө туура келбеген ири суммалардын айланышы да банктардын өзгөчө көзөмөлүндө болот.
Корпоративдик карталар ишкердиктин билдирилген максатына байланышпаган накталай акча алууга системалуу түрдө колдонулса, мындай операциялар да көзөмөлгө алынат.
Мындай белгилер аныкталган учурда банк акчанын келип чыгышын, төлөмдүн багытын, операциянын экономикалык негизин жана накталай акча алуунун максатын тактоо үчүн кошумча текшерүү жүргүзөт.
Эгер кардар талап кылынган документтерди белгиленген мөөнөттө берүүдөн баш тартса, банк эсеп боюнча операцияны жүргүзүүдөн баш тартууга милдеттүү болот.
Текшерүүнүн жыйынтыгында операция кылмыштуу ишти каржылоого же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого байланыштуу деген шек жаралса, банк шектүү операцияны токтотууга тийиш. Ошондой эле банк кардар менен ишкердик мамилесин убактылуу токтотуп же толук токтото алат.
Мындан тышкары, банктар мындай операциялардын саны жана көлөмү, аларды жүргүзүүдөн баш тартуу учурлары, ошондой эле шектүү деп табылып, финансылык чалгындоо органына жөнөтүлгөн операциялар боюнча өзүнчө эсеп жүргүзүүгө милдеттүү.
