Жыл башынан бери зыяндуу заттарды чыгарган транспорт ээлерине 1 млн 939 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган
7 октябрь

Жыл башынан бери зыяндуу заттарды чыгарган транспорт ээлерине 1 млн 939 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган

Бишкек шаарында атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу жана абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтуу максатында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан рейддик жана профилактикалык иш-чаралар системалуу түрдө жүргүзүлүүдө.

Иш-чаралардын алкагында борбор калаанын аймагында 0–13 мм фракциядагы майда көмүрдү сатууга, сактоого жана пайдаланууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 11 отун базасы жана 33 стационардык көмүр сатуу пункту иш алып барат. Буга чейин шаар аймагында 21 рейддик иш-чара өткөрүлүп, 31 көмүр сатуучу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, автотранспорт каражаттарынан атмосферага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын белгиленген ченемдерге шайкештигин текшерүү максатында рейд өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө 10 унаа текшерилип, 2 транспорт каражатынан чыккан түтүндүн көлөмү белгиленген ченемдерден ашканы аныкталды. Аталган фактылар боюнча «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык тиешелүү чаралар көрүлүп, айып пул салынды.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында атмосферага белгиленген ченемдерден ашык зыяндуу заттарды чыгарган транспорт каражаттарына байланыштуу 150 протокол түзүлүп, мыйзам бузган жарандарга жана транспорт каражаттарынын ээлерине жалпы 1 млн 939 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.