Президенттин Аппаратынын ведомстволук уюмдарынын кирешеси 2021-жылга салыштырмалуу 46 эсе өстү
4 август

Президенттин Аппаратынын ведомстволук уюмдарынын кирешеси 2021-жылга салыштырмалуу 46 эсе өстү

Президенттин Иш башкармасы 2025-жылдын алты айында карамагындагы уюмдардын ишин жыйынтыктап, жалпы киреше 6 миллиард 200 миллион сомду түзгөнүн билдирди. Бул пландалган 5 миллиард 763 миллион сомдон 437 миллион сомго көп, план 107,6% аткарылганын билдирет.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда киреше эки эсе, ал эми 2021-жылдагы көрсөткүчтөн 46 эсе көп болду.

Белгилей кетсек, биздин пансионаттар, санаторийлер жана курорттук мекемелер негизги кирешени жайкы сезондо табат. Азыркы эсепке бул толук кире элек, ошондуктан жыл аягында жалпы сумма мындан да жогору болот деп күтүлүүдө.

Мындан тышкары, 2025-жылы Иш башкармалыкка «Элкат» сыяктуу жаңы уюмдар кошулду. Азыркы статистикада алардын кирешеси эске алынган эмес. Алардын көрсөткүчтөрү кошулганда, жалпы сумма дагы бир нече миллиард сомго көбөйөт.

Акыркы жылдардагы өсүш (6 айлык):

• 2021-жыл – 133 млн сом
• 2022-жыл – 580 млн сом
• 2023-жыл – 1 млрд 937 млн сом
• 2024-жыл – 2 млрд 876 млн сом
• 2025-жыл – 6 млрд 200 млн сом

Каныбек Туманбаев, Президенттин Иш башкаруучусу:

«Биз Президентибиздин тапшырмаларынын натыйжасын так көрүп жатабыз. Ведомстволук уюмдарыбыз натыйжалуу иштеп, пландарды ашыра аткарып, мамлекетке миллиарддаган сом кошумча киреше алып келип жатат. Ар бир тапкан сом элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат жана бул өсүштү мындан да күчөтөбүз»-деп билдирди.