«Агродиалог–2025» чемпиону: “Жергилктүү жүгөрү гибриддери – импорттон кем эмес”
«Агродиалог–2025» форумунун чемпиону Даврушев Нияз Ахмедович айыл чарба тармагындагы 45 жылдык тажрыйбасын бөлүшүп, Кыргызстанда жергиликтүү жүгөрү гибриддерин өнүктүрүүнүн маанисин белгиледи.
Нияз Ахмедовичтин жетекчилиги астында жылына 20–22 миң тоннага чейин үрөн өндүрүлүп, 3–4 миң тоннасы мамлекеттик резервдик фондго калтырылып турган. Совет мезгилинен кийин үрөнчүлүк системасынын бузулушу тармакка олуттуу таасир эткен. Ошого карабастан, адис жүгөрү селекциясы боюнча ишин улантып, жергиликтүү шартка ылайыкташкан гибриддерди чыгарууга жетишкен.
Жергиликтүү гибриддердин артыкчылыгы Жүргүзүлгөн салыштыруулар көрсөткөндөй, жергиликтүү жүгөрү гибриддери: Белок, крахмал жана май курамы боюнча жогорку көрсөткүчкө ээ; Мал семиртүүдө 3–3,5 ай ичинде натыйжалуу жыйынтык берет; Сүт багытындагы чарбалар үчүн сапаттуу тоют базасын камсыздайт. Айрым фермерлер башында импорттук үрөндөргө артыкчылык бергени менен, практикалык тажрыйба жергиликтүү гибриддердин атаандаштыкка жөндөмдүү экенин далилдеген.
Жаңы линиялар жана технология Учурда 4–5 жаңы линия боюнча селекциялык иштер жүрүп жатат. Үрөндөр атайын технологиялык ыкма менен өстүрүлүп, методикалык талаптардын негизинде даярдалууда. Мурдагы «Манас», «Акчабыр», «Ала-Тоо» гибриддери да кайра жанданып, жаңы, мындан да сапаттуу сорттор иштелип чыгууда.
Максат – азык-түлүк коопсуздугу Адистин айтымында, жергиликтүү үрөнчүлүктү өнүктүрүү – импортко көз карандылыкты азайтып, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөнүн негизги багыттарынын бири.
- Жергиликтүү шартка ылайыкташкан гибриддер
- Мал чарбачылыгында жогорку өндүрүмдүүлүк
- Туруктуу агрардык өнүгүү
