Салык кызматы: товарларды чек арадан документтери жок өткөрүү үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү
Мамлекеттик салык кызматы Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын тиешелүү документтери жок өткөрүү үчүн жоопкерчилик күчөтүлгөнүн эскертет.
Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 145 «Салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилди.
Эми ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын керектүү документтери жок өткөрүү үчүн административдик айып пулдун жаңы өлчөмдөрү каралды.
Өзгөртүүлөр 2026-жылдын 21-августунан тартып күчүнө кирет.
Товардын наркына жараша төмөнкүдөй айып пулдар каралган:
1.Эгерде товардын баасы 500 000 сомдон аз болсо:
• жеке жактар үчүн — 500 эсептик көрсөткүч (50 000 сом);
• юридикалык жактар үчүн — 1 000 эсептик көрсөткүч (100 000 сом).
2.Эгерде товардын баасы 500 000 сомдон 1 000 000 сомго чейин болсо:
• жеке жактар үчүн — 1 000 эсептик көрсөткүч (100 000 сом);
• юридикалык жактар үчүн — 2 000 эсептик көрсөткүч (200 000 сом).
3.Эгерде товардын баасы 1 000 000 сом жана андан жогору болсо:
• жеке жактар үчүн — 2 000 эсептик көрсөткүч (200 000 сом);
• юридикалык жактар үчүн — 3 000 эсептик көрсөткүч (300 000 сом).
Эгерде мындай укук бузуу бир жылдын ичинде кайталап жасалса, айып пул көбөйтүлөт:
1.Эгерде товардын баасы 500 000 сомдон аз болсо:
• жеке жактар үчүн — 700 эсептик көрсөткүч (70 000 сом);
• юридикалык жактар үчүн — 1 300 эсептик көрсөткүч (130 000 сом).
2. Эгерде товардын баасы 500 000 сомдон 1 000 000 сомго чейин болсо:
• жеке жактар үчүн — 1 300 эсептик көрсөткүч (130 000 сом);
• юридикалык жактар үчүн — 2 500 эсептик көрсөткүч (250 000 сом).
Эгерде товардын наркы 1 000 000 сом жана андан жогору болсо:
• жеке жактар үчүн — 2 500 эсептик көрсөткүч (250 000 сом);
• юридикалык жактар үчүн — 3 500 эсептик көрсөткүч (350 000 сом).
Мындан тышкары, укук бузуу бир жылдын ичинде кайталап жасалган учурда, укук бузуунун түздөн-түз предмети болгон товарлар конфискацияланат.
Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү, ташуучуларды жана транспорт каражаттарынын ээлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүдө мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.
Ишмердүүлүк 2022-жылдын 14-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №221 токтомуна, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана ЕАЭБдин ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлүшү зарыл.
Зарыл документтерди өз убагында жана туура тариздөөгө өзгөчө көңүл буруу керек.
