Кыргызстан жана Германия  соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыкты талкуулады 
30 июнь

Кыргызстан жана Германия  соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыкты талкуулады 

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев 26-июнда Саксония-Анхальт федералдык аймагынын премьер-министри Райнер Хазелофф менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-герман күн тартибинин актуалдуу маселелери, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле маалымат технологиялары, логистика жана туризм тармагындагы кызматташуу боюнча пикир алмашуу болду.

Элчи Кыргыз-Герман Ишкерлер кеңешинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, бизнес өкүлдөрүн 2025-жылы боло турган иш-чараларга катышууга чакырды.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын Саксония-Анхальт Федералдык аймагынын ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин ырасташты.