Кыргызстанда айыл чарба өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн 178 МТС иштеп жатат
30 июнь

Кыргызстанда айыл чарба өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн 178 МТС иштеп жатат

Кыргызстанда айыл чарба өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн 178 машина-трактор станциясы иштеп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 61и муниципалдык, 117си жеке менчик болуп саналат.

МТСтердин карамагында болжол менен 4000 айыл чарба техникасы бар.

Аймактар боюнча МТСтердин бөлүштүрүлүшү төмөндөгүдөй:

  • Нарын – 29,
  • Ысык-Көл – 32,
  • Ош – 19,
  • Баткен – 10,
  • Чүй – 38,
  • Талас – 23,
  • Жалал-Абад – 25.

МТСтер жер иштетүү, түшүм жыйноо жана башка агротехникалык кызматтарды көрсөтүп, айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатып, фермерлерди колдоодо маанилүү роль ойнойт.