Мамлекетке 20 млн. сомдук жер тилкеси кайтарылды
30 июнь

Мамлекетке 20 млн. сомдук жер тилкеси кайтарылды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук прокуратурасы тарабынан Ново-Вознесеновка айылынын аймагында жүргүзүлгөн текшерүүдө, айыл чарба багытындагы 29,4 га жер тилкеси “А” дыйкан чарбасынын жеке менчигине мыйзамсыз өтүп кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде баасы 20 млн. 801 миң сомду түзгөн, жогоруда белгиленген айыл чарба багытындагы жер тилке мамлекеттик менчикке кайтарылды.