Ош шаарында салыкчылар сыйланды
30 июнь

Ош шаарында салыкчылар сыйланды

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Салык кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган салтанаттуу жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет. 

Майрамдык иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев, мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Сатыбалдиев, мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары жана түштүк региону боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгынын башчысы Эмил Эркинбек уулу жана салык кызматкерлери катышты.

Шаар башчысы куттуктоо сөзүндө кесип ээлеринин оор, жоопкерчиликтүү ишин, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө кошкон салымын белгилеп, ардактуу кесип ээлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, эмгек жолунда өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди Ош шаарынын мэриясынын атынан Ардак грамоталар, ыраазычылык баракчалар менен сыйлады.

Белгилей кетсек, жыл сайын 1-июлда салык кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешет. Кыргыз Республикасынын салык кызматкеринин күнү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 262 токтому менен түзүлгөн.