Бөкөнбаев айылында мөмө-жемиштерден пюре чыгаруучу цех ачылат
6 март

Бөкөнбаев айылында мөмө-жемиштерден пюре чыгаруучу цех ачылат

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жакынкы арада мөмө-жемиштерден пюре чыгаруучу цех ачылат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет.

Ал күнүнө 25 тонна же бир сезондо 1000 тоннага чейин даяр продукция өндүрүүгө жөндөмдү болот деп болжолдонууда.

Ишкана абрикос, кулпунайды, малинаны кайра иштетип, жергиликтүүлөрдүн түшүм алуу учурунда көйгөйүн чечет. Себеби, түшүм алуу учурунда кээ бир убакытта элеттиктер алган түшүмүн кайда өткөрө тургандыктарын билбей калган учурлар болот.

Ошондой эле, ишкананын ачылышы менен өрүктүр баасын туруктуу кармоо мүмкүнчүлүгү жаралат.

Азыркы тапта өрүктүн баасын туруктуу кармоо үчүн аталган облуска жок дегенде дагы 8 даана ушундай кайра иштетүү ишканалар курушубуз керек. Учурда аталган ишкананын курулушу дээрлик 90 пайызга аяктап, жакынкы арада шаймандарды алып келип, ишке киргилүү мерчемделген.