Кыргызстанда санкциялык тобокелдиги жогору болгон 16 компаниянын иши токтотулду
Кыргызстанда санкциялык тобокелдиктерди азайтуу, комплаенс жана ички көзөмөл механизмдерин күчөтүү боюнча иштер уланууда.
2026-жылдын 2-октябрында Кыргызстандын президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы алдында жумушчу кеңешме өтүп, анда бул багыттагы мындан аркы чаралар талкууланды.
40ка жакын компаниянын ишмердигине жүргүзүлгөн комплекстүү талдоонун жыйынтыгында алардын 16сына байланыштуу материалдар Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык ишмердигин жоюу маселесин кароо үчүн сот органдарына өткөрүлүп берилди.
Калган компанияларга карата текшерүү иштери улантылууда.
Кеңешмеде санкциялык тобокелдиги жогору болгон жеке жактарды жана компанияларды аныктоо жана тиешелүү «кара тизмени» түзүү механизми да талкууланды. Тиешелүү чечим жакынкы күндөрү бекитилери күтүлүүдө.
Ошондой эле банк секторунда комплаенс жол-жоболорун күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
2026-жылдын 2-октябрына карата «Элдик Банк» ААКсы 126га жакын компаниянын, ал эми «АБанк» ААКсы 100гө жакын компаниянын эсептерин жапты.
Бул чаралар санкциялык тобокелдиктерди эрте аныктоого жана алардын алдын алууга багытталган.
