Дүйнөдө азык-түлүк баалары кайрадан өсүүдө: кант 6%, дан азыктары 5% кымбаттады
Сүрөт ачык булактардан алынды
5 октябрь

Дүйнөдө азык-түлүк баалары кайрадан өсүүдө: кант 6%, дан азыктары 5% кымбаттады

Сентябрь айында дүйнөлүк азык-түлүк баалары өсүшүн улантты. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) азык-түлүк бааларынын индекси 136 пунктту түзүп, августка салыштырмалуу 1,5%га, ал эми былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 5,8%га өстү.

Ай ичинде эң көп кымбаттаган азык-түлүк — кант болду. Анын баасы 6,1%га өскөн. Буга Таиланд менен Индияда кант камышынын түшүмү боюнча болжолдордун начарлашы, Бразилиядагы нөшөрлүү жаан-чачындар жана Евробиримдикте кант кызылчасынын айдоо аянттарынын кыскарышы себеп болгон.

Дан азыктарынын баасы да 5,1%га жогорулады. Анын ичинде буудай 6,3%га, жүгөрү 5,6%га кымбаттаган. ФАО мунун себептеринин катарына Кара деңиз аймагындагы логистикалык чектөөлөрдү, Түндүк Американын айрым аймактарындагы кургакчылыкты жана экспорттук сунуштун кыскарышын белгилейт.

Ошол эле учурда эттин баасы бир айда 1,1%га, сүт азыктары 0,1%га арзандаган.

ФАО дүйнөлүк дан эгиндеринин түшүмү боюнча болжолун да төмөндөттү. 2026-жылы дүйнөдө дан өндүрүү 2,1%га кыскарып, 2,979 млрд тоннага чейин түшүшү мүмкүн. Ал эми дан азыктарынын дүйнөлүк соодасы 3,5%га азайып, 505,8 млн тоннаны түзөрү күтүлүүдө.

Кошумча тобокелдик катары «Эль-Ниньо» климаттык кубулушунун күчөшү каралууда. ФАОнун баалоосуна ылайык, бул кубулуш учурунда дүйнөдө күрүчтүн түшүмдүүлүгү адатта күтүлгөн деңгээлден 1–1,5% төмөн болот.