Салык кызматы салыктарды ыкчам жана ыңгайлуу төлөө жолдорун сунуштайт
Cалык кызматы салыктык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана санариптештирүү боюнча иштерди улантууда.
Салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуулукту жана жеткиликтүүлүктү жогорулатуу максатында бүгүнкү күндө салыкты төлөөнүн бир нече ыңгайлуу ыкмалары каралган.
Салыктарды төмөнкү ыкмалар аркылуу төлөөгө болот:
1. Салык кызматынын аймактык органдарында;
2. Salyk мобилдик тиркемеси аркылуу;
3. www.cabinet.salyk.kg порталындагы Салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу;
4. Мобилдик банкингдер аркылуу;
5. Коммерциялык банктардын терминалдары, кассалары жана Кыргыз почтасынын бөлүмдөрү аркылуу.
Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү салыктык милдеттенмелерин өз убагында аткарууга чакырат.
