Эмгек министрлиги: Жыл башынан бери эмгек жаракаттары үчүн төлөнгөн компенсациялар үч эседен көбөйүп, 39 миллион сомду түздү
12 май

Эмгек министрлиги: Жыл башынан бери эмгек жаракаттары үчүн төлөнгөн компенсациялар үч эседен көбөйүп, 39 миллион сомду түздү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча  кызматы 2025-жылдын биринчи кварталындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. 2024-жылдын ушул эле мезгили менен салыштырганда, текшерүүлөрдүн жана мыйзам бузуу учурларынын саны кыйла өскөнү байкалууда.

2025–жылдын январь-март айларында 301 текшерүү жүргүзүлгөн, бул өткөн жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 13% га көп. Аныкталган мыйзам бузуулардын саны кыйла өстү – 316дан 735ке чейин. Эмгек инспекторлору мыйзам бузууларды жоюу үчүн 145 бузууларды четтетүү тууралуу эскертме жазуу берилген.

Каралып чыккан өндүрүштүк кырсыктардын саны 38ден 44кө өскөн. Алардын ичинен 32 киши оор жаракат алып, 17си каза болгон. Ошондой эле салынган айып пулдардын жалпы суммасы да көбөйгөн: 2024-жылы 1,54 миллион сом болсо, 2025-жылы 2,19 миллион сомду түзгөн. Анын ичинен 1,29 миллион сому өндүрүлгөн.

Эмгек жаракатынан келип чыккан зыян үчүн төлөнгөн компенсациянын көлөмү 39 миллион сомдон ашып, өткөн жылдагы көрсөткүчтөн үч эсеге көп. Бирок айлык акыны убагында төлөбөгөндүгү үчүн өндүрүлгөн сумма, тескерисинче, 15,4 миллион сомдон 5 миллион сомго чейин азайган. Бул иш берүүчүлөрдүн эмгек акыны төлөө тартиби жакшырганын көрсөтүшү мүмкүн.

Жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылууларынын саны эки эседен ашык өсүп, 306га жеткен. Ошондой эле оозеки консультациялар (1 352ден 1 467ге чейин) жана эмгекти коргоо боюнча окутуулар (29дан 68ге чейин) да көбөйгөн.

Мындай көрсөткүчтөрдүн өсүшүнө Кызматтын ишин жандандыруу, ошондой эле мурунку жылдары киргизилген пландуу текшерүүлөргө болгон мораторийдин жоюлушу себеп болду. Мындан тышкары, жарандардын даттануулары да көбөйүп, бул алардын эмгек укуктары жөнүндө маалымдуулугу жогорулап жатканын далилдейт.