Айдап-себүүгө каралган арзан баадагы солярканын дагы 1 млн 300 литрдей кору бар
Республика боюнча жазгы талаа иштерин үзгүлтүксүз өз учурунда жүргүзүү үчүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу күйүүчү-майлоочу (солярка) каражаттар айдап-себүү өнөктүгү башталгандан тарта дыйкандарга базар наркынан арзан баада 65 сомдон берилип жатат.
Учурда, жалпы жети облуста жүрүп жаткан жазгы талаа иштерине планга ылайык 5 999 680 литр солярка бөлүнсө, бүгүнкү күндө анын 4 724 800 берилсе, дагы 1274880 литри кампаларда бар.
Облус боюнча алсак:
- Чүй облусу боюнча 506130 литр солярка бөлүнгөн болсо, анын 383100 берилип бүтсө, 123030 калган.
- Жалал-Абад облусуна каралган 665500 литр сольярканын 501600 дыйкандарга берилсе, дагы 163900 бар.
- Ал эми Талас облусуна бөлүнгөн 319200 литрдин 130600үн дыйкандар алып кеткен. Учурда 188600 калган.
- Ош облусуна бөлүнгөн 783900дүн 626200 литрин дыйкан-фермерлер алып кеткен. Учурда дагы 157700 бар.
- Баткен облусу үчүн каралган 325900 литрдин бүгүнкү күндө 152200 сатылса, 173700 турат.
- Ысык-Көл облусу боюнча 1739400 литрдин 1613800 өткөн, дагы 125600 калган.
- Нарын облусуна каралган 555000 литрдин 421200үн дыйкандар сатып алып кетишкен. Учурда 133800 калган.
Азыркы тапта суроо-талапка ылайык дыйкан-фермерлерге жерине чейин жеткирип берүү жагы дагы каралууда.
